Концепциясы

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги

«Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЕКТЕПТЕН ТЫШКАРКЫ КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА БАЛДАРГА

КӨРКӨМ-ЭСТЕТИКАЛЫК БИЛИМ ЖАНА ТАРБИЯ БЕРҮҮ

КОНЦЕПЦИЯСЫ

Бишкек ш.

Түзүлүшү

 

1.Киришүү.

1.1. Актуалдуулугу жана маалыматтар

1.2. Концепцияны иштеп чыгуунун ченем-укуктук базасы.

  1. Кыргыз Республикасынын мектептен тышкары кошумча билим берүү уюмдарындагы балдар жана жаштарга көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн, абалы жана көйгөйлөрү.

 2.1. Көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн максаты жана милдеттери.

2.2. Көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү принциптери жана ишке ашыруу жолдору.

  1. Балдарга көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү негизги багыттары.

3.1.Балдарга көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү уюмдарына коюлуучу негизги талаптар.

3.2.Концепцияны ишке ашыруу баскычтары.
        3.3. Концепцияны ишке ашырууну баалоо жана мониторинг.

  1. Концепцияны ишке ашыруудагы күтүлүүчү жыйынтыктар
  2. Колдонулган адабияттардын тизмеси
  3. Иш-чаралардын планы ( №1-тиркеме)

Чыгармачыл бала –  Кыргызстандын келечеги»

1.Киришүү

1.1. Актуалдуулугу жана маалыматтар:

Көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү инсанды өнүктүрүүдөгү комплекстүү мамиле катары.

Кыргыз Республикасынын балдарга мектептен тышкары кошумча билим берүү тармагындагы көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн Концепциясынын иштелип чыгышынын актуалдуулугу, жаңы социалдык-экономикалык шарттарда, билим берүү, тарбиялоо учурунун калыптанышында, окуучулардын жана ата-энелердин кызыкчылыктарын эске алуу менен чыгармачылык борборлордо сапаттуу билим берүүнүн керектүүлүгүнөн келип чыкты.

Билим берүүнү өнүктүрүүнүн 2012-2020-жылдардагы стратегиясына ылайык, билим берүү тармагы өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүн жана атаандаштыкка жарамдуулугун камсыз кылышы керек жана адамдык капиталдын наркын жана сапатын көтөрүүгө салым кошушу керек.

Коомдо жалпы адеп-ахлактык жоболор болгондо гана, өлкөдө эне тилге, маданиятка, өзгөчө баалуулук сапаттарга, ата-бабалардын мурастарына, элибиздин тарых барактарына сый мамиле сакталганда гана, чоң улуттук милдеттер коюлуп жана чечилүүсү белгилүү. Дал ушул улуттук баалуулуктар, мамлекетибиздин биримдигин жана эгемендүүлүгүн сактоого, күнүмдүк жашообуздун, экономикалык жана саясий мамилелерди куруунун негизин түзөт. Бул өңүттө, заманбап билим берүүнүн башкы максаты – мекенибиздин жоопкерчиликтүү, демилгелүү жана компетенттүү атуулун тарбиялоо. Маданий өзгөчөлүктөрдү сактоо жана өнүктүрүү.

Бул максаттарга жетүүнүн жолу, өсүп келе жаткан муундарга Кыргызстандагы жашаган элдердин кылымдардан бери сакталып келе жаткан адеп-ахлактык салттарын  эске алуу менен, көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү болуп саналат. Дүйнөлүк көркөм тарбиялоо көйгөйлөрү XXI кылымдын чыгармачылык дараметин жаратуу, 2006-жылы мартта Испанияда, Лиссабондо, 2010-жылы Сеулда өткөн искусство тармагында билим берүү конференцияларында жаңы күч жана басымдуулук менен көтөрүлгөн. Билим берүүнүн бардык баскычтарында искусство аркылуу окутуу, сабактарды сапаттуу окууга жана ар кайсы тармактарда, кесип тандоодо да компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө, коомдогу социалдык-экономикалык, маданий прогресске шарт түзөөрүнө басым коюлган. Маданий мурастарды  жана алардын түрлөрүн сактоо,  ЮНЕСКОнун маданий багытындагы негизги артыкчылык болуп саналат.

Көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнун өзгөчө мүмкүнчүлүктөрү, өсүп келе жаткан муундун ички дүйнөсүн, адеп-ахлактык жүзүн тарбиялоого, баланын өзүнө болгон мамилесин калыптандырууга багытталгандыгы аныкталган. Бул жаңы усулдук иштелмелерди гана талап кылбастан, билим берүү жаатындагы жана коомдогу адамдардын аң сезиминдеги жаңы өзгөрүштөрдү талап кылат.  Бирок, азыркы учурда көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүдө туруксуздук, балдардын чыгармачылык ишмерсиздиги, окутуунун жалпы принциптеринин жоктугу өкүм сүрүүдө. Көркөм билим берүүнүн максатын түшүнө билбегендиктен, мектептерде жылдан-жылга окуу планынан бул багыттагы сабактардын кыскарышы өкүм сүрүүдө. Азыркы башталгыч мектептерде сүрөт жана музыкага окуу убактысынын 9.45% бөлүнүүдө, кийинки класстарда — 3.7% убактысы бөлүнүүдө. Кийинки жогорку класстарда (моралдык изденүүчүлүк, көз карашынын калыптануу мезгилинде) — бул сабактар такыр жок. Базистик окуу планына ылайык 5-11-класстарда адабий сабактары жалпы сааттардын  4.6% пайызын түзөт.

Мектептердеги негизги деп эсептелген сабактардын көпчүлүгү инсанды максаттуу тарбиялоого кудурети жетпейт. Көркөм мерчеминдеги сабактар бала бакчадан башталып, орто жана жогорку билим берүү окуу жайларында багытына карабастан улантылып берилиши керек. Окуучулардын көркөм өнүгүүсү сабак менен гана чектелип калбашы керек. Программага музейлерге (архитектуралык, көркөм, мемориалдык, адабий ж. б.) жүрүштөрдү кошуу,  ийрим жана студияларда сабактарды уюштуруу, айлана-чөйрөсүндө (үй, класс, мектеп) көркөм-эстетикалык калыптандырууну кошуу керек.   Эстетикалык жана көркөм ишмердүүлүк учурунда ой-жүгүртүүчүлүк операциялары: эске тутуу, өзгөчө көрүү жана музыкалык, синтез, талдоо, салыштыруу, ишмердүүлүгүн пландоо, акыл жөндөмдүүлүктөрү өнүгөт. Бул, баланын акылынын өнүгүүсүнө жана билиминин жогорулашына көмөктөшөт. Мунун артында балдардын көркөм-эстетикалык жөндөмдүүлүктөрү, ой-жүгүртүүсү, элестетүүсү, баалуулук критерийлери жана атайын билим жана билгичтиктери өнүгөт.  

Бул жерде, балдарга жана жаштарга ырааттуу жана терең көркөм-эстетикалык билим берүү мектептен тышкары кошумча билим берүү чөйрөсүндө өтүп жаткандыгын баса белгилөө керек. Алар жаш кыргызстандыктардын шыгын, талантын ачып, азыркы жогорку технологиялык атаандаштык мезгилинде жашоого даярдоодо.

Мектепке чейинки, жалпы, кесиптик билим берүү, кошумча билим берүүчү уюмдар, чоңоюп келе жаткан инсан үчүн маанилүү коомдук маданий жана көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн өзөгү болууда. Чыгармачылык, оюн, эмгек жана изилдөөчүлүк активдүүлүк  — балдардын бош убактысындагы маселелерди чечүүгө көмөктөшүп, чыгармачылык шыктарын ачат, өнөрдүн ар түрдүү тармактарына эшик ачат жана кесиптерге кызыгууну жаратат.

Патриоттуулуктун негиздерин калыптандырууда көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнун ролу зор: балдар туулуп өскөн жерине, шаарына суктанышып, ата-энелеринин эмгек жыйынтыктары менен сыймыктанышат, Мекен түшүнүгүнө ээ болушат.

Концепциядагы көркөм-эстетикалык багытындагы байланыш компетенттүүлүк көз караш менен каралат. Анда баланын билими ар түрдүү көйгөйлөрдү билими, билгичтиги, шыгы менен чечүүсү аркылуу аныкталат.  

Мындай учурда көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүдө төмөнкү негизги компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу актуалдуу болуп калат:

  — жалаң гана көркөм-эстетикалык чөйрөдө эмес, башка ишмердүүлүк чөйрөлөрүндө дагы колдоно турган шыктар;

— ар түрдүү жаш курактагы балдар үчүн өз алдынча актуалдуу көйгөйлөрдү, маселелерди чечүүдө, алгоритмдерди аткаруу, жыйынтыктарды баалоо шыктары;

— ар түрдүү өлкөлөрдүн жана элдердин өнөр тарыхын үйрөнүү үчүн маданий-тарыхый компетенттүүлүктү калыптандыруу;

-көркөмдүктү көрсөтүү үчүн көркөм-практикалык компетенттүүлүктү калыптандыруу;

-адеп-ахлактык жана эстетикалык идеалдарды баалоо ченемдерин жана көркөм табитти калыптандыруу.

Балдарга көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү Концепциясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн бүтүндөй тармагын жаратууга багытталган. Анда балдардын коомго толук аралашуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачкан, көркөм-эстетикалык багыттагы билим жана көндүмдөргө ээ болуу үчүн билим алуу, чыгармачылык шыгын ачуу, окуучулар жана ата-энелердин кызыкчылыгын жана керектөөсүн камтыган жоболор жана принциптер жазылган. 

1.2.  Концепцияны иштеп чыгуунун ченем-укуктук базасы

 Мектептен тышкары кошумча билим берүү тармагындагы Кыргыз Республикасынын балдарга көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү Концепциясы төмөнкүдөй мыйзамдык-ченемдик иш кагаздарга ылайык иштелип чыкты:

 Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

 Кыргыз Республикасынын  «Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамы;

 2012-2020-жылдардагы билим берүүнүн стратегиясы жана аны ишке ашыруу пландарындагы 2020-жылга чейинки билим берүүнүн өнүгүүсү жана билим берүүнү өнүктүрүүдөгү артыкчылыктардын Концепциясы;

  Кыргыз Республикасынын  2020-жылга чейинки окуучуларды жана жаштарды тарбиялоо Концепциясы;

 Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин жана этностор аралык мамилесин бекемдөө Концепциясы;

 Кыргызстанда жаштар саясатынын Концепциясы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстанда жашаган элдердин тарыхый жана маданий мурастарын терең изилдөө жана атуулдук мекенчилдикти калыптандыруу чаралары жөнүндө» Жарлыгы (27.01.2012 ж.);

ЮНЕСКОнун көркөм билим берүү Концепциясы жана башка маанилүү иш кагаздар.

  1. Кыргыз Республикасынын мектептен тышкары кошумча билим берүү уюмдарынын көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү абалы жана көйгөйлөрү.

Көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү – инсанга жеке багытталган, максаттуу, ырааттуу, чыгармачыл активдүү, жаратылышта, эмгекте, коомдук мамилелерде кооздуктарды көрө билген, элинин, жалпы адамзаттын маданиятын алып жүргөн инсанды тарбиялоо. Бүтүндөй чыгармачыл, өз алдынча, интеллектуалдуу инсанды калыптандыруу жолу. 

Кошумча билим берүүдө көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн түзүлүшүнө төмөнкүлөр кирет: көркөм билимге, өнөргө болгон сүйүү жана өнөр үлгүлөрү менен карым-катнашка муктаждык, жашоонун бардык тараптарынан кооздукту сезе билүүнү калыптандыруу.

Балдарга кошумча билим берүү тармагында көркөм-эстетикалык багыт, өлкөбүздө өнөр аркылуу ар тараптуу инсанды тарбиялоо болуп эсептелинет. Анын негизги максаты, бийчи, сүрөтчү жана музыканттарды тарбиялоо эмес.

Кошумча билим берүү жаатында жөнгө салуу жоболорунун жоктугуна байланыштуу, өзгөрүлмөлүү жана жаңылануучу билим берүү жана тарбиялык программаларды түзүүгө өбөлгө түзөт.

Өлкөбүздө балдарга жана жаштарга көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү тармагы, студия, ийримдер, сүрөт тартуу ийримдери, кол өнөрчүлүк ийримдери, хореографиялык ансамблдер, ыр, театр студиялары, музыкалык-аспап ансамблдери жана башка республикалык, областтык, шаардык жана райондук борборлору, балдардын чыгармачылык үйлөрү, жалпы билим берүүчү мектептер, музыкалык, көркөм мектептер, жана тарбия мектептери аркылуу ишмердүүлүгүн алып барышат.

Республикабызда балдар жана өспүрүмдөр сабактан тышкаркы учурларда чыгармачылык шыктарын өнүктүрүү үчүн 74 мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдар иштеп, 70 миңге жакын окуучу ар түрдүү ийримдерге катышууда. Алардын арасында жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары басымдуу орунду ээлейт.

Акыркы жылдарда мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын аброю өсүүдө. 2010-жылы 17047 бала катышса, 2017-жылы 30000 балага чейин көбөйдү.

Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдардын окуучуларын талдоодо, көркөм-эстетикалык багыттагы ийримдерге көп кызыгышаары белгилүү болду. Сурамжылоодо ата-энелердин 75% көркөм-эстетикалык жана жалпы маданий өнүктүрүүгө, балдарынын ден соолуктарын чыңдоочу, эркти тарбиялоочу багыттарга басым жасашаарын белгилешти. Акыркы 5 жылдыкта бул багытта 2010-жылы 567 бала катышса, 2016-2017-жылдардын жыйынтыгы менен 939 окуучу катышаары белгилүү болду.   

Жалпысынан, республика боюнча көркөм-эстетикалык багытта 939 ийрим жана студия иш алып барууда. Алардын 3756 бирикмесине 39148 окуучу катышууда. Бул республикадагы мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарына катышкан балдардын 58,6 % пайызын түзөт (республикадагы мектептен тышкаркы уюмдардын маалыматы боюнча):

— көркөм сүрөт өнөрү боюнча 158 ийримде 7700 бала катышат;

-улуттук кол өнөрчүлүк жана жасалма кол өнөрчүлүк ийримдеринде  — 300 ийримге 11074 окуучу катышууда;

-хореография -138  ийрим, 9218 катышуучу;

-вокал — 64 ийрим, 1969  катышуучу;

-улуттук музыкалык аспаптар -121 ийрим, 4201    катышуучу;

-адабий-поэзиялык, журналистика — 27 ийрим 863 катышуучуну камтыйт;

— “Манас” таануу  — 25 ийрим,  663 катышуучу;

 -театралдык өнөр — 60 ийрим, 1858 катышуучу;

 -көркөм окуу жана сахналык кеп — 29 ийрим, 826 катышуучу;

 -цирк өнөрү — 5 ийрим, 215 катышуучу;

-хор өнөрү – 12 ийрим, 561 катышуучу.

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас областтарында ийрим жана студиялардын катышуучуларынын саны 32 пайызга көбөйгөндүгүн белгилеп кетүү зарыл.

Бул статистикалык сандар, азыркы жогорку технологиялык жашоодо, инсанды тарбиялоодо чыгармачылык ой-жүгүртүү, элестетүү, жашоого керектүү атайын компетенттүүлүктөрдүн талап кылынаарын далилдейт.

 Балдардын ар түрдүү сынактарга катышуу кызыгуулары көбөйгөндүгү байкалууда. Эгер, 2010-2011-окуу жылында райондук, шаардык, республикалык, эл аралык музыкалык-сахналык багыттагы сынак- фестивалдарга 3500 катышуучу катышса, көркөм сүрөт, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрүнө 3200 катышуучу катышса, 2017-2018-окуу жылында 17000 катышуучу иш-чаралардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү болушту. Сүрөт тартуу өнөрү боюнча эл аралык сынактарда балдардын жетишкендиктери байкалууда. Бул ийгиликтер Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи менен кызматташуу жана Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Ю.А. Шыгаев, сүрөтчү Настар Мамай жана башка өнөр ээлеринин чеберканаларын өткөрүүсүнүн жыйынтыгы десе болот.

Балдардын эл аралык сынактарда, фестивалдарда ийгиликтери 62 % га көбөйгндүгүн белгилеп кетүү керек. Жыл сайын 4500 бала Кыргызстандын булуң-бурчтарынан Туркия, Индия, Кытай, Казакстан, Россия ж.б. мамлекеттерде өтүүчү сынактардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү  болушууда.

Салттык балдар уюмдарында: акыркы беш жылдыкта балдардын  22 улуттук жана заманбап бий ансамблдери, 28 фольклордук аспаптык ансамблдери, 32 вокалдык аткаруу ийримдери жана студиялары, 19 театралдык өнөр, 52 көркөм өнөр ийримдери, 200гө жакын кол өнөрчүлүк ийримдери ачылуусунун оң динамикасы байкалууда. Жаңылык катары 21 сахналык кеп ийримдеринин ачылышы болду.

 Ишке ашырылуучу кошумча билим берүү программаларынын санынын көбөйүшү, ошондой эле ийримдик жана студиялык ишмердикте жаңы багыттардын ачылышы жана балдар менен иш алып барууга жогорку  деңгээлдеги кесипкөй адистерди тартуу өсүп жаткан суроо-талапка жооп болду. Маселен, 2016-2017-окуу жылында КРнын Эл артисти У.Полотовдун (Бишкек ш.),  КРнын Эл артисти А.Бедияровдун (Джалал-Абад ш.) балдар вокал мектептери, Маданияттын Эмгек сиңирген ишмери Т.Саламатовдун аранжировка жана композиция студиясы (Бишкек ш.), сахналык кеп, поэзия, балдар моделдик агенттиктери, архитектура жана дизайн,  кум графикасы (Бишкек ш., Талас ш.), муздак фарфор (Балыкчы ш.) студиялары жана ийримдери ачылып, көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн милдеттерин ийгиликтүү аткарышууда.   Көркөм-эстетикалык багыттагы интеграциялык программалар киргизилди. Бий, хореография ийримдеринде бий кийимдеринин көркөмдөлүшү, вокалдык  бирикмелерде хореография, кол-өнөрчүлүк ийримдеринин жалпы программасына «курак», «чий», «терме,» «кийиз» ж.б. боюнча бириккен сабактар курстары кошулду.

Буга «Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам» аттуу аймактар аралык  ыр жана жекече бий сынагы (эгер 2015-жылы-3565 катышуучу болсо, 2017-жылы-8521 катышуучу), «Ысык-Көл досторун чакырат» Эл аралык этно-карнавалы (салыштырууда: 2007-ж.-152 катышуучу, 2018-ж.-680 катышуучу),   «Ысык-Көл балдардын көзү менен» Эл аралык слёту (2010-ж.-112 катышуучу, 2018-ж.-370 катышуучу), «Чыгыш балдары достошот» Эл аралык фестивалы,  «Эрудит» республикалык телевизиондук интеллектуалдык көркөм өнөр билермандарынын оюну, «Дүйнө элдеринин оюулары» аттуу балдардын Эл аралык сүрөт жана кол өнөрчүлүк сынагы,  “Куурчактар жарманкеси” Эл аралык кол өнөрчүлүк сынагы, Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча “Биз эстеп жана күткөн үчүн барбыз…” балдардын Эл аралык сүрөт сынагы ж.б. сыяктуу көркөм-эстетикалык өнүгүү чөйрөсүндө иштелип чыккан жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор түрткү берет.

  2002-жылдан бери мектепден тышкаркы уюмдарда көркөм-эстетикалык мерчимдеги студияларда 1500дөн ашык бала билим алышат.   Өзгөчө билим берүү керектөөлөрүнө ээ болгон балдарды “Көркөм өнөр каражаттары аркылуу коомго аралаштыруу” программасы жалпы билим берүү мектептерге, ыр, бий, сахналык кеп, кол өнөрчүлүк жана көркөм сүрөт, цирктик өнөр, театр ж.б. ийримдерге, студияларга жана секцияларга барууга мүмкүнчүлүгү болбогон 200дөн ашык балдарды тартууга көмөк берди. Бүгүн көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү программалары мектептен тышкаркы уюмдарда, бала бакчаларда, бөбөк үйлөрүндө, атайын мектеп-интернаттарда, калыбына келтирүү борборлордо ишке ашууда.

Долбоорлук, интерактивдүү, тренингдик, маалымат-коммуникативдик, устаканалык жана ушул сыяктуу жаңы педагогикалык технологияларды колдонуу кеңейүүдө.

Компетенттүүлүктүн негизинде иштелген окуу пландары жана программалары жаңырды, көркөм-эстетикалык мерчимдин окуу-тарбия иштерин уюштуруу боюнча 17 окуу-усулдук колдонмо басылып чыгарылды. Окуучулардын 30%га жакыны мектептен тышкаркы уюмдардын кесиптик даярдоосунан өтүшүп, көркөм-эстетикалык багыт боюнча билимин улантуу үчүн жогорку окуу жайларга өтүшүүдө. Окуу-тарбия иштеринде, керектүү педагогикалык шарттарды түзүү үчүн 2010-жылдан тарта мыкты усулдук иштелмелер, сунуштар, мугалимдердин программасы  www.balajan.kg .веб-сайтына киргизилүүдө.

Жалпы эстетикалык, хореографиялык, вокалдык, көркөм сүрөт жана башка багыттарга жана бирикмелерге болгон өзгөрүлбөс жогорку суроо-талап мугалимдердин ишинин натыйжалуулугун айгинелейт жана өлкөдөгү, көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнү өнүктүрүүнүн ишке ашырылып жаткан программасынын маанилүүлүгүн далилдөө болуп саналат. Акыркы жылдарда мектептен тышкаркы уюмдарга жаш адистердин аталган багыт боюнча агып келүүсү байкалууда, жана 2010-жылдан бери педагогикалык кадрларга болгон керектөө 5 эседен көп төмөндөдү (920 миң адамдан 184 адамга чейин), ал эми көпчүлүк райондордо, шаарларда мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарында педагогикалык кадрлар  толук жыйналган.  

Көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн илимий-теориялык жана усулдук-технологиялык негиздери жыл сайын өтүлүүчү эл аралык илимий-практикалык конференцияларда жана тегерек столдордо аныкталат, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга жардам берген, көркөм-эстетикалык мерчимдеги ийримдердин жана студиялардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берген республикалык семинарларды, чеберканаларды, тренингдерди, тегерек столдорду, иш тажрыйба алмашууларды  өткөрүү система болуп калды.

Биринчи ирет, 2017-жылы Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун курстарынын программасына  көркөм сүрөт, кол өнөрчүлүк мугалимдери, ал эми  2018–жылы хореография мугалимдери, усулчулар, директорлор, директорлордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн курстар киргизилди. «Балажан» РЭТОУБда иштелип чыккан жана сыноодон өткөн окуу-усулдук комплекс жана модулдары курстарды өтүүдө окуу-тарбия процессесинин сапатын жогорулатууда өздөрүнүн көрүнүктүү  жыйынтыктарын берүүдө.

Жетишилген жыйынтыктарга белгиленген ийримдердин жана студиялардын багыттарынын спектринин кеңейишине, сандык жогорулоого байланышкан оң тенденцияларга (олимпиада, фестиваль, сынак, слет, мелдеш, акция) карабастан, өлкөнүн аймактарында көркөм-эстетикалык багыт боюнча  анын дараметин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген жана кошумча билим берүү уюмдарынын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг кылууга, таланттуу балдарды аныктоого жүргүзүлгөн иштин системалуулугунун зарыл болгон деңгээли камсыз кылына элек.

Азыркы балдарга көркөм-эстетикалык билим берүүнү өнүктүрүү мезгилиндеги көйгөйлөрдүн ичинен төмөнкүлөрдү белгилеп кетүүгө болот:

  • өнүккөн чыгармачыл, ар түрдүү ишмердикте өзүн ишке ашырууга жөндөмдүү инсанды калыптандыруу маселесинде көркөм-эстетикалык билим берүүнүн ролун жана маанилүүлүгүн баалабоонун аркасында жана бюджеттик каражаттардын таңсыктыгы мектептен тышкаркы билим берүү республиканын окуучуларынын жалпы санынын 7,8 %н гана түзөт (Мектеп окуучуларын жана окуган жаштарды тарбиялоонун 2020-жылга чейинки Концепциясы).
  • мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарындагы ийримдердин, студиялардын, көркөм-эстетикалык мерчимдеги секциялардын тармагын өнүктүрүүнүн Республикалык жана аймактык программаларынын, балдарга жана өспүрүмдөргө көркөм-эстетикалык билим берүүнү камсыздоо механизминин жоктугу, айыл жериндеги балдардын көркөм-эстетикалык мерчимдеги ийримдердин сабактарына катышуунун чектелгендиги;
  • көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү боюнча мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын максаттарына жана милдеттерине билим жана тарбия берүүнүн заманбап Стратегиялары жана Концепциялары аныктаган нормативдик- усулдук базанын дал келбестиги;
  • мектептен тышкаркы уюмдардын көркөм багыт жана педагогикалык даярдык боюнча базалык даярдыгы бар квалификациялуу педагогикалык кадрлар (кошумча билим берүү мугалимдери–музыканттар, сүрөтчүлөр, бийчилер ж.б. өз тармагынын мыкты адистери болуп эсептелишкени менен, базалык педагогикалык билимге ээ болбогондуктан, билим жана тарбия берүү ишмердигинин сапатын төмөндөтүүгө алып келет) менен жетишсиз камсызданышы;
  • жогорку жана кесиптик орто билим берүү системасында мектептен тышкаркы кошумча билим берүү үчүн көркөм-эстетикалык багыт боюнча мугалимдерди даярдоонун жоктугу; 
  • балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана мугалимдеринин ишмердигинин натыйжалуулугунун шарттарынын жана көрсөткүчтөрүнүн, көркөм-эстетикалык билим билим берүүнү ишке ашыруу боюнча калыптануунун жана каржылык камсыздоонун ченемдеринин иштелип чыкпагандыгы;
  • материалдык-техникалык базанын начардыгы: МТКБнын көпчүлүгү эски имараттарда жайгашкан (бөлмөлөрдүн аянттары тар), 14 % МТКБ өздүк имаратка ээ эмес же жалпы орто билим берүүчү мектептердин 2-3 окуу бөлмөсүн ээлешет;
  • балдарга кошумча билим берүүдөгү көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү боюнча төмөнкү ресурстук жана каржылык камсыздоо, эскирген материалдык-техникалык база — эмерек, компьютер жана оргтехниканын, интернеттин, көрсөтмө куралдардын жоктугу.

2.1.Көркөм-эстетикалык билим жана  тарбия  берүүнүн  максаты.

Концепциянын  башкы  максаты – көркөм-эстетикалык чыгармачылыкта жана гуманитардык иш-чаралардын башка  тармактарында ишке  аша турган, дүйнө  таанууга  басымдуу  мотивациясы бар шайкеш инсанды тарбиялоо, жеке жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнүн негизи катары жалпы көркөм өзгөчөлүгүн калыптандыруу, балдарды жана өспүрүмдөрдү көркөм-эстетикалык ишмердиктин каражаты менен курчап турган айлана-чөйрөнү эстетикалык өзгөртүүгө, Кыргызстандын өзгөчөлүгүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алган бардык  маданий  баалуулук байлыгына тартуу.

Көркөм-эстетикалык билим  жана  тарбия берүүнүн  милдеттери:  

-көркөм-эстетикалык билимди жана тарбияны инсандын чыгармачылыкты, эмгекти, өнөрдү, спортту таанымына дем берүү жана анын дараметин натыйжалуу пайдалануу ресурсу катары  өнүктүрүү;

-балдарга жана жаштарга жеке-чыгармачыл дараметин өнүктүрүү үчүн аларды көркөм – эстетикалык чыгармачылыктын музыкалык добуш, сызык, түс, кыймыл, бий, сөз, графикалык, көркөм программалар жана башкалар менен байланышкан негизги түрлөрүн таанытуу жолу менен шарт түзүү;

-өлкөнүн мектептеринде, мектептен тышкаркы окуу уюмдарда, интеграциялык ар кандай форманын (музыкалык, хареографиялык, театралык, көкөм ж.б.) негизинде, балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык дараметин ачуу, интеллектуалдык мыктылыкка жетүү фактору катары,  көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга максаттуу педогогикалык шарттарды иштеп чыгуу жана киргизүү;

-өнөргө кызыкчылыктарды жана керектөөлөрдү калыптандыруу, көркөм сүрөт билгичтиктерди жана көндүмдөрдү, эстетикалык сезимди, табитти, жөндөмдү керектөөлөрдү, көркөм чыгармаларды баалоо билимин, элдик өнөргө, өз өлкөсүнүн тарыхый-маданий салттарына   баалуулук мамиле жасоого, аларды чыгармачыл өздөштүрүүгө, сактоого жана өнүктүрүүгө умтулууга кызыгуусун калыптандыруу; 

— балдардын жана өспүрүмдөрдүн алардын көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүдө өздүк баалоосунун жана тааным кызыкчылыктарынын өсүшүнө жардам бере турган жетишкендиктерин баалоо каражаттарын иштеп чыгуу, инсандын жетишкендиктеринин демилгесин аныктоо;

-вариативдүүлүктү, сапаттуулукту жана жеткиликтүүлүктү жогорулатуу көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн мазмунун балдардын кызыкчылыктарына, үй-бүлөнүн жана коомдун керектөөлөрүнө ылайык  жаңылантуу;

— көркөм-эстетикалык ишмердиктин мүмкүнчүлүктөрүн арт-терапия заманбап ыкмаларын киргизүү жолу менен балдардын жана  өспүрүмдөрдүн психофизикалык ден – соолугун чыңдоо максатында түзөтүүчү педагогикага пайдалануу.

— балдардын жана өспүрүмдөрдүн асоциалдык жүрүм-турумунун алдын алуу үчүн социалдык-маданий  көндүрүүгө көркөм билимдин ресурстарын тартуу;

-Кыргызстандын жана дүйнө элдеринин көркөм каада-салттарын өздөштүрүү аркылуу улуттар аралык мамиленин маданиятын калыптандыруу;

-көркөм-эстетикалык мерчимдеги мугалимдердин кесиптик  квалификациясын жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу.

2.2. Көркөм-эстетикалык билим берүүнүн концепциясын ишке ашыруу принциптери жана жолдору.

Бул концепцияны киргизүү шарттардын комплексин божомолдойт, алардын негизгилери төмөнкүлөр болуп саналат:

— көркөм-эстетикалык билим берүүгө адамзаттын ишмердигинде өзгөчө маанилүү, кыргызстандык коомдун өнүгүүсү үчүн жашоодогу зарыл тармак катары мамиле кылууну мамлекеттик деңгээлде калыптандыруу;

— билим берүүнүн жана маданияттын башкаруу органдарынын көркөм-эстетикалык мерчим боюнча аймактык жана республикалык денгээлде социалдык өнөктөштүктүн ведомство аралык координациялык пландардын жана программалардын негизинде бирдиктүү иш алып баруусу;

— өлкөнүн жалпы билим берүү системасында мектептен тышкаркы кошумча билим берүү ишмердигинин укуктук статусун жана ченемдик базасын жакшыртуу (балдарга жана жаштарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмунун Типтүү жобосун кабыл алуу, кошумча билим берүүнүн типтүү программасын иштеп чыгуу ж.б.);

— көркөм–эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн түзүлгөн системасын сактоо жана өнүктүрүү;

-балдардын жана жаштардын көркөм-эстетикалык билиминин жана тарбиясынын, коомдун көркөм маданиятынын абалын жана өнүгүү динамикасын аныктоо үчүн социалдык-экономикалык жана социологиялык изилдөө жүргүзүү;

— көркөм-эстетикалык билим берүүнүн программалык-усулдук камсыздоосун,  мазмунун, формаларын жана ыкмаларын мыкты ата-мекендик жана дүйнөлүк жетишкендиктерди эске алуу менен үзгүлтүксүз жаңылантуу;

— балдарга жана жаштарга көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүдө мектептен тышкаргы уюмдардын ролун күчөтүү, өнөрдүн түрлөрү боюнча билим берүү программаларынын сааттарынын санын жана түрүн көбөйтүү;

— балдарга жана жаштарга үзгүлтүксүз көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн бүтүндөй усулдук системасын иштеп чыгуу;

— өлкөнүн бардык аймактарында сапатты кепилдөө механизмин бекемдөө үчүн балдарга жана жаштарга көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү ишинин натыйжалуулугун баалоо критерийлерин, мектептен тышкаркы уюмдардын ишмердигинин мониторингин жана баалоо системасын иштеп чыгуу жана киргизүү;   

— мектептен тышкары уюмдардын окутуу шарттарына дифференциалдык мамилени эске алуу менен, бюджеттик каржылоонун минималдык стандарттарынын негизинде каржылык каражаттарды натыйжалуу бөлуштүрүүнү камсыздоо;

— балдарга жана жаштарга көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнү өнүктүрүүнүн жаңы тенденциясына, чыныгы коомдук керектөөгө ылайык, педагогикалык кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоо системасынын сапатын жана өнүгүшүн жогорулатуу;

 — кошумча билим берүү мугалимине квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу, сыноо жана    киргизүү;
 —  балдарга кошумча билим берүү тармагына жаш адистерди тартуу, алардын кесиптик жана чыгармачылык өнүгүүсүнө шарт түзүү;
—  кошумча билим берүү уюмдарында таланттуу, анын ичинде өнөр, техника жана спорт жаатында, педогогикалык билимсиз адистердин иштөөсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү;
 — мугалимдин өздүк билиминин, өздүк жакшыруусунун, өздүк баалоосунун кесиптик ишмердигинин сапатын баалоо каражаты катары кошумча билим берүү мугалимдеринин жетишкендиктерин баалоо системасын киргизүү;
-социалдык өнөктөштүк: ата-энелерди, айыл өкмөтүн, жарандык секторду, ЖМК, ТБ тажрыйба жайылтуу боюнча кеңири процесске, балдарга жана өспүрүмдөргө көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн маанилүүлүгүн даназалоого  катыштыруу;

— мектептен тышкары кошумча билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык  базасын маңыздуу бекемдөө, көркөм-эстетикалык сабактарын окутуучуларды материалдык демилгелөө жана эмгегин татыктуу төлөө боюнча чараларды иштеп чыгуу;

-көркөм-эстетикалык билим берүү процессиндеги заманбап маалымат каражаттарынын жана технологиялардын ролун жогорулатуу.

 3.Көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү процессиндеги негизги багыттар.

3.1. Балдарга көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүдө коюлган негизги талаптар:

көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнү анын жогорку сапатын камсыздаган деңгээлде ишке ашыруу (натыйжалуулук/жыйынтыктуулук);

көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн мазмунунун, формаларынын жана ыкмаларынын анын максаттарына жана милдеттерине дал келүүсү;

Педагогдук талаптардын системалуулугу жана биримдүүлүгү;

Көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүдө концептуалдык мамилени ишке ашыруу;

Балдардын чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүү, аларды социалдык маанилүү ишмердиктин  ар кандай түрлөрүнө катыштыруу;

Балдардын жаш курактык, жеке, гендердик өзгөчөлүктөрүн жана ден соолугун, жеке кызыкчылыктарын эске алуу менен, көркөм-эстетикалык тарбия жана билим берүүнүн мазмунун ишке ашыруунун жолун жолдоочулугу, үзгүлтүксүздүгү жана ырааттуулугу;

укукка каршылыктын жана кооптуу жүрүм-турумдун, көз карандылыктын алдын алуу, социалдык кооптуу абалдагы балдарды колдоо;

көркөм-эстетикалык мерчимдеги билим берүү процессинин формаларын, ыкмаларын, мазмунун жакшыртууга ата-энелерди активдүү тартуу;

усулдук коштоону жана билим берүү процессин камсыздоону жакшыртуу (жаңы педагогикалык мамилелерди, технологияларды, программаларды иштеп чыгуу, окуу программаларына түзөтүү киргизүү), көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн  мазмунун, формаларын жана ыкмаларын  үзгүлтүксүз жаңылантуу; 

Көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн маселелерин билим берүү системасынын бардык деңгээлиндеги педагогикалык кызматкерлерди кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга киргизүү.

3.2.Концепцияны ишке ашыруу этаптары

Концепцияны ишке ашыруу 2 этапта өтөт:

I этап — 2018-2020 –жж.  жана II этап – 2021-2022 жж.
  I этапта  Концепцияны ишке ашыруу иш чараларынын планы, ошондой эле аны ишке ашыруунун механизмин иштеп чыгуу пландаштырылат.
  Концепциянын приотеттүү багыттары боюнча өлкөнүн аймактарында балдарга жана жаштарга көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн пилоттук долбоорлору иштелип чыгып, ишке ашырылат.
   II этапта  Концепцияны ишке ашыруу боюнча, балдарга жана жаштарга көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн аймактык өнүктүрүү программалар боюнча иш чаралардын планын аткаруу уланат. Концепцияны ишке ашыруунун мыкты тажрыйбалары жайылтылат.
 Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш чараларды каржылоо пландары ар кандай булактардан ишке ашат, анын ичинен бардык деңгээлдеги бюджеттик каражаттар жана жеке инвестициялардын эсебинен ишке ашат.
 I этаптан баштап “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунда Концепцияны ишке ашыруу боюнча жана анын натыйжалуулугу, күтүлгөн жыйынтыкка жетүү даражасы боюнча мониторинг өткөрүлүп турат.

3.3. Концепцияны киргизүү мониторинги жана аны баалоо.

Концепцияны аткаруу планынын мониторинги жана баалоо, анын негизиндеги иш план жарым жылда бир жолу өткөрүлүп турат.

Бул мониторингдин негизинде Кыргыз Республикасынын мектептен тышкары уюмдарына Концепцияны киргизүүнүн натыйжалуулугу бааланат. Алынган жыйынтыктардын негизинде иштин натыйжасын жогорулатуу, аткаруучулар жана өнөктөштөр менен координацияны жакшыртуу  боюнча чечимдер кабыл алынып турат.

  1. Концепцияны ишке ашырууда күтүлгөн жыйынтыктар.
    2022-жылга Концепцияны ишке ашыруу төмөнкү жыйынтыктарды камсыздайт: 

  -көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн сапатына балдардын жана жаштардын, алардын үй бүлөсүнүн канааттануусу жогорулайт, мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарында көркөм-эстетикалык билим жана тарбияга 3жаштан 18 жашка чейинки балдардын 75 пайыздан кем эмес тартылат; 

-балдардын өздүк кызыгуусунун жана алектенүүсүнүн негизинде көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү кошумча программасын тандоо мүмкүнчүлүгү камсызданган, кызыгуу калыптанган;
— өзүн өнүктүрүү, кесиптик өзүн аныктоо жана жыйынтыктуу алектенүү максаттында шарттар түзүлгөн жана компетенциялар калыптанган;
 — жаш муундарда жарандык позиция жана мекенчилдик калыптанган;
 -мектептен тышкаркы уюмдардын окуучуларынын жана  бүтүрүүчүлөрүнүн алынган жогорку деңгээлдеги көркөм- эстетикалык билим жана тарбиянын негизинде атаандаш жөндөмдүүлүгү калыптанган, жеке сапаттары жана социалдык маанилүү компетенциялары калыптанган.
-мектептен тышкаркы билим берүүдө көркөм-эстетикалык билимдин жана тарбиянын  каржы механизмдери калыптанган;

 — ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар,  өзгөчөлөнгөн балдар менен даректик иш алып баруунун үлгүлөрү ишке ашырылган;
 — квалифицикациялуу кадрларды тартуунун, мамлекеттик көзөмөлдүн каражаттарынын айкалышынын, сапатты баалоонун жана өздүк көзөмөлдөөнүн негизинде көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн жогорку сапаты жана жаңылануусу камсызданган;
 — педагогикалык жана башкаруу кадрларынынын үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүнү стимулдаштыруу жана колдоонун натыйжалуу механизмдери иштелип чыккан;
 -балдарга жана жаштарга көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүнүн инновациялык билим берүү программалары иштелип чыккан жана жагымдуу шарттар түзүлгөн;
 -мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын балдарга көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүдө, дене тарбиялык өнүгүүдө жана  ден соолукту чыңдоодо коомдук керектөөнү канааттандырган инфраструктурасы жакшыртылган;
— жашы жете элек балдардын арасында асоциалдык көрүнүштөр кыскарган, өспүрүмдөрдүн арасында чылым чегүү, алкаголизм, наркомания, оюнга кызыгуу сыяктуу жаман адаттар азайган.

  1. Колдонулган адабияттар:

Алимбеков, А. Формирование у будущих учителей готовности к эстетическому воспитанию младших школьников на прогрессивных традициях народной педагогики ( Киргизия педвузунун материалында)  [Текст] : дис…канд. пед. наук / Б.  Азимбаев. –  М.,1990. –   255 с.

Азимбаев, Б. Формирование этнического самосознания старшеклассников на примере традиций и обычаев кыргызского народа [Текст] : дис… канд. пед. наук / Б.  Азимбаев. –  Бишкек, 2007-ж

Асипова, Н.А. Научно-педагогические основы формирования культуры межнационального общения школьников [Текст]: дис… докт. пед. наук: 13.00.01 / Н.А. Асипова. – Алматы: АГУ им. Абая, 1998.

Березина, В.А. Основные тенденции и механизмы развития дополнительного образования детей на современном этапе [Текст] / В.А. Березина // Диалог в образовании.  Сборник материалов конференции. Серия «Symposium». Выпуск 22. – СПб.: Санкт- Петербургское философское общество, 2002.

  1. Болджурова И.С. Художественное образование: некоторые вопросы теории и педагогической деятельности: Материалы Международного круглого стола «Проблемы и перспективы художественного образования»/ Под ред. Д.С.Мусиной.-Кыргызстан, 2015.

Большой энциклопедический словарь [Текст] / гл.редактор Прохоров А.М. – М., 1991.

Гурова, Р.Г. Современная молодежь: социальные ценности и нравственные ориентации [Текст] / Р.Г. Гурова // Педагогика. –   2000. –   № 10.

Гущина, Т.Н. Формирование методической компетентности педагогических работников учреждений дополнительного образования детей в процессе повышения квалификации [Текст] : дис… канд. пед. наук: 13.00.08 / Т.Н. Гущина. – Ярославль, 2001. – 252 с. 

Данные паспортов внешкольных организаций дополнительного образования за 2010-2017 учебные годы [Текст].

Дюшеева, Н.К. Компетенции и результаты обучения [Текст] / Н.К. Дюшеева // Высшее образование в Кыргызской Республике. – Б., 2013. –  № 3/21. – С. 41-42.

Закон Кыргызской Республики «Об образовании» [Текст] / статьи 17, 18  // Бишкек, от 30 апреля 2003. – №92.

Закон Кыргызской Республики «Об основах государственной молодежной политики» [Текст] / Бишкек, от 31 июля 2009. – № 256.

Конституция Кыргызской Республики. Принята референдумом (всенародным голосованием) 27 июня 2010. Статья 24.

Концепция  воспитания школьников и учащейся молодежи Кыргызской Республики до 2020 года. Приказ МОН КР от 22 июля 2014 года № 545/1. – С.11., раздел 6, раздел 7, раздел 8.

Концепция развития образования в Кыргызской Республике до 2020 года постановление Правительства КР от 23 марта 2012 года № 201, раздел 1.

  1. Мусина Д.С. Подходы ЮНЕСКО к художественному образованию: Материалы Международного круглого стола «Проблемы и перспективы художественного образования»/ Под ред. Д.С.Мусиной -Кыргызстан, 2015.
  2. Рожков, М.И. Событийный подход к патриотическому воспитанию молодежи [Текст]: Материалы ΙV Международной научно-практической конференции «Гражданское и патриотическое воспитание подрастающего поколения в системе дополнительного образования» / М.И. Рожков. – [Б.], 2015. – С. 15.
  3. Стратегия развития образования в Кыргызской Республике на 2012-2020 годы //Постановление Правительства КР от 23. 03.2012, № 201.
  4. Типовое положение о внешкольном учреждении дополнительного образования детей Кыргызской Республики. Утверждено приказом Министерства образования, науки и культуры Кыргызской Республики от 24 ноября 1997 года N 507
  5. Указ Президента Кыргызской Республики «О мерах по формированию гражданственности и углублению изучения исторического и культурного наследия народа Кыргызстана и формирования гражданского патриотизма» [Текст]: 27.01.2012.
  6. «Художественное образования в странах СНГ: развитие творческого потенциала в XXIвеке». ЮНЕСКО, 2013
  7. 22. Хуторский, А.В. Ключевые компетенции как компонент личностно-ориентированной парадигмы [Текст] / А.В. Хуторский // Нар.образование. – 2003. – № 2. – С. 60.
  8. 23. Кыргызское декоративно-прикладное искусство неразрывно связано с потребностями и вкусами кыргызов, в прошлом кочевников. http://kyrgyzstantravel.net/culture/handicraft-ru.htm

 

  1. Иш чаранын планы

 

1-тиркеме

 

«Балажан» Респубдикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүү  Концепциясын ишке ашыруу боюнча  2018 -2022-жылдарга иш-чаралардын планы

Творческий ребенок — будущее Кыргызстана!

Иссык-Куль собирает друзей

«Родина в сердце моём»-праздничный концерт

Гордость «Балажан»

Золотой фонд

Реклама