Ийгиликке карай жол

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин алдындагы Республикалык «Балажан» окуу-методикалык эстетикалык тарбия берүү борбору Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу алдында «Ийгиликке карай жол» деп аталган балдардын сүрөттөрүнүн республикалык сынагы өтөөрү жөнүндө жарыялашат. Анда 7 ден 16 жашка чейинки балдар катыша алышат.

«Окуу – жарык, окубагандык – караңгылык» деген макал ар кимге белгилүү. Адамдын жашоосундагы билимдин ролу абдан зор. Билим жакшы кесипке ээ болууга, турмуштагы жетиккен жашоодо ийгиликтүү болууга жардам берет. Сенин жашооңдо билим кандай ролду ойной турганын — сүрөткө тарт? Жана алар ийгиликке жетишүү жолунда эмне үчүн абдан маанилүү? – деп сынакты өткөрүү жөнүндөгү жарыяда айтылат.

Сынакка катышууга каалаган техникада (гуашь, акварель, түстүү карандаштар жана бор ж.б) А3 форматында аткарылган жумуштар 2019-жылдын 20-мартына чейин Бишкек ш., Московская көч., 53, РУМЦЭВ “Балажан” дареги боюнча кабыл алынат.

Сүрөттөр, сынакка катышуу үчүн толтурулган сынактык өтүнмөлөр, катышуучунун анкетасы жана сүрөттү эссе түрүндө кыскача баяндоо менен коштолушу зарыл. Сүрөттүн арткы тарабында сүрөттүн аталышы, автордун Фамилиясы, Аты, Атасынын аты, курагы, классы жана мектеби, катышуучунун жана мектебинин дареги, мугалимдин Аты, Атасынын аты, мугалимдин же катышуучунун ата-энесинин уюлдук телефонунун номери так жана даана көрсөтүлүшү керек.

Сынактык мыкты жумуштар бишкектеги арт-галереялардын бириндеги көргөзмөлөргө коюлат, ошондой эле өзүнчө китепчеде жарыяланат. Көргөзмөнүн ачылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2019-жылдын апрель айында өтөт. Сынактын жеңүүчүлөрү баалуу белектерди алышат.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн Бишкек ш., Московская көч., 53, РУМЦЭВ “Балажан” дарегине Джекшенова Гульнара Октябрьевнага 0 (0312) 38 32 60, 0 (312) 88 12 11, . 0773 32 75 77 телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Өтүнмөлөрдүн формаларын жана анкетаны ушул жерден жүктөсө болот (документке шилтеме)

Творческий ребенок — будущее Кыргызстана!

Иссык-Куль собирает друзей

«Родина в сердце моём»-праздничный концерт

Гордость «Балажан»

Золотой фонд

Реклама