Баланын күнүнө арналган Акция.

Баланын күнүнө арналган Акция.

Балдар – жердин жандуу гүлдөрү демекчи, балдар жүргөн жер дайыма таза, шаңдуу. Балдар үчүн кандай гана иш чара өткөрүлбөсүн, алардын көзүндө дайыма ыраазычылык, кенендик ачык-айкын көрүнүп турат.

 «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу – усулдук борбору  30-ноябрь күнү Беловодскийдеги  атайын жалпы орто билим берүү көмөк  мектеп-интернатына  камкордук Акция менен барып келди. Бул Акция  БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан  жарыяланган 20-Ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк Баланын күнүнө арналган иш чаралардын алкагында өткөрүлдү.

Бир ай мурун жарыяланган  “Балдар балдарга” аттуу камкордук иш чарасында “Балажан” борборунун окуучулары, мугалимдери, ата-энелер колдорунан келген бардык жардамын аяшкан жок. Балдар үчүн кийим-кече, оюнчук, окуу куралдары, таттуу белектер чогултулду. Иш чаранын уюштуруучулары -жетекчиси Бектур Атабаев башында турган, “Балажан” борборунун “Лидерлик иш” мектебинин окуучулары  болушту. Бул Акцияны өтүшү алардын жогорку уюшуруучулук деңгээлин айгинеледи .

Мектеп-интернаттын 130дан ашуун балдары замандаштарын дүркүрөгөн кол чабуулар менен чоң кубанычта жылуу тосуп алышты. Балалыктын шаңдуу дүйнөсүнө чүңгүгөн бул балдар,  келген конок досторунан улам-улам жаңы, кызыктуу нерселерди күткөндөй көздөрүн жоодуратып карап отурушту. Алар үчүн түзүлгөн программа боюнча “Балажандын” таланттуу балдары гитарада, скрипкада, кыл кыякта, комузда күүлөрдү чертип, эстрадалык ырларды аткарып беришти. Мектеп-интернаттын балдары өткөрүлгөн интерактивдик кызыктуу оюнга жана “Кара жорго” бийине флеш мобго өтө кызыгуу менен катышышты.  Иш чаранын соңунда мектеп-интернаттын балдарына “Балажан” борборунун балдарына белектер тапшырылды.

Бул Акция дагы деле улана бермекчи, себеби мындай балдарга жардам ар дайым керек экендигине биз ынанып кайттык.

Замира Молдалиева

“Балажан” РЭТОУБдун директорунун орун басары

Творческий ребенок — будущее Кыргызстана!

Иссык-Куль собирает друзей

Гордость «Балажан»

Золотой фонд

«Родина в сердце моём»-праздничный концерт

Реклама