«Ачык Кыргызстан» онлайн флешмобу


«Ачык Кыргызстан»

республикалык онлайн флешмобу

Кымбаттуу достор!

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору бардык каалоочуларды «Ачык Кыргызстан» республикалык онлайн флешмобуна катышууга чакырат.

Улуу Ата Мекендик согуштун эстеликтеринин жанында, жаратылышта, Кыргызстандын тарыхый жана ыйык жерлеринде же жашаган жерлериңерде өзүңөрдүн элестериңерди түбөлүккө калтыргыла!

Флешмобго 2021-жылдын 27-апрелинен 10-майына чейин 3 жаштан 18 жашка чейинки каалоочулар катыша алышат. Өзүңөрдүн  Instagram же Facebook баракчаларыңарга  #ачыккыргызстан#менинмекеним#менинсуйуктуукыргызстаным хештегин колдонуп сүрөтүңөрдү киргизгиле.

Жашаган аймакгыңардагы силер сыймыктанган жерлерде же кооз жаратылыштын айланасында жалгыз же топ менен (колуңарда төмөндөгү табличканы кармап)  сүрөткө түшүү керек:

 “Мой любимый Кыргызстан” же “Менин сүйүктүү Кыргызстаным”   ошол жерлер жөнүндө кыскача баяндоо тиркелүү шарт.

Бардыгына сүрөтүңөр аркылуу интернетте жазылбаган жерлер тууралуу көрсөткүлө. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган жерлерди, эстеликтерди көрсөтүп алардын эрдиктерин эскерсеңер болот. Мектебиңердин, жашаган аймагыңардын жана сүйүктүү Кыргызстаныбыздын сулуулугун, артыкчылыктарын даңктап көргөзгүлө!

Сүрөттөрдү (фотолорду) каалаган техника менен тартса болот.

Силерден кызыктуу жана өзгөчө сүрөттөрдү (фотолорду) күтөбүз!