«Ардагердин аңгемеси» Онлайн акциянын


 «Ардагердин аңгемеси» аттуу Улуу Ата Мекендик Согуштун жеңишине арналган Республикалык Онлайн акциянын

Жобосу

 

Уюштуруучулар:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлиги.

Аткаруучулар:

“Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору.

Өткөрүү мөөнөтү: 2021-жылдын 26-апрелинен – 9-майына чейин

Онлайн акциянын максаттары жана милдеттери:

  • Өсүп келе жаткан муундун патриоттук сезимдерин, туулган жерине сүйүүсүн калыптандыруу, Кызыл Армиянын катарында салгылашкан аскерлердин эрдиктеринин үлгүлөрүндө тарбиялоо.
  • Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары жана тарыхы жөнүндө эсте сактоо, согуштун ардагерлерин жана катышуучуларын урматтого тарбиялоо.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлиги жана

“Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке арналган «Ардагердин аңгемеси» аттуу онлайн акция жарыялайт.

Акцияны өткөрүү шарттары:

    Акциянын катышуучулары кыргыз же орус тилдеринде жакын туугандарынан, чоң ата, чоң апаларынан, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан  алардын көргөндөрү тууралуу 3 мүнөткө чейин видео-аңгеме тартуулары керек.

  • Видео-аңгеменин башында фамилияңарды, атыңарды, жашыңарды, жашаган шаарыңар же айылыңарды айтууңар керек;
  • Видео-аңгемеңерди #женишке76жыл#9май#бизэскеребиз#ардагердинангемеси хэштегин колдонуп социалдык тармакка (Instagram же Facebook) жиберүүңөр керек;
  • Instagram (@balajan.kg_unescoclub),  Facebook (Внешкольники Кыргызстана) баракчаларына жазылуу керек, чыгарганда биздин баракчаны сөзсүз белгилөө керек.