Ансамбль комузистов “Уч-муунак”


Ансамбль комузистов “Уч-муунак”

Шаршебаев Азим Чолумканович, Отличник культуры Кыргызской Республики, солист фольклорного ансамбля «Камбаркан», педагог фольклорного ансамбля комузистов «Үч муунак».

    Илгертен бери келе жаткан кыргыздын негизги аспабы “комуз”, “оозкомуз”, “чоор”, “кыяк” болгондуктан, салтыбызды улантуу муундан муунга өтүү максатында “Комуз” ийрими алдыга умтулууда.

Кыргыздардын эң байыркы элдик музыкалык аспаптарына үйлөмө-чоор, сурнай, керней, жезнай, чымылдак, сыбызгы, урма, бобулбас, доол, нагыра, кылдуу чертме комуз, тартма кыл кыяк, тилдүү какма темир комуз, жыгач ооз комуз кирет.

Жаш муундарга эстетикалык тарбия берүүдө музыка эң маанилүү ролду ойнойт.Алардын аң сезимин, кабылдоосун ар тараптуу өсүмүнө көмөк берет.

Жалпы музыкалык тарбияны балдар бакчасынан баштап, кийин жалпы билим берүү мектептеринен, ошону менен бирге мектептен тышкары мекемелердеги жана жалпы билим берүү мектептериндеги музыкалык ийримдерден алышат. Музыкалык ийримдерде өспүрүмдөр эстетикалык тарбия алуу менен катар музыкалык сезимин кеңейтип, ага болгон сүйүүсүн, кызыгуусун арттырып, музыка дүйнөсү менен кеңири таанышууга жана чыгармачылык менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алышып, өз алдынча ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүшөт.

Мектептен тышкары билим берүү “Комуз” ийриминде комузга үйрөтүү менен музыкалык грамотаны үйрөнүп, өстетикага тарбияланып, рухий маданиятын байытууга мүмкүнчүлүк алышат. Окуучулар биздин каада салт менен таанышуусу, тарых менен тыгыз байланышта болуусу зарыл. Комузду таанып билүү менен бирге залкар комузчулардын өмүр баяны, алардын чыгармачылык жолдору, күүлөрү, обондору жана азыркы учурдагы композиторлордун өмүр баяны, чыгармалары менен тааныша алышат. Ошону менен бирге республикабыздын белгилүү комузчулар топтору, фольклордук топтору, эл аспаптар оркестри, симфониялык оркестри жөнүндө маалымат алышып, алардын чыгармаларынан угууга мүмкүнчүлүк алышат.

Окуучу үч жыл билим алуу менен бирге комузда эркин ойноо өнөрүн жана комуздун коштоосунда ырдаганды үйрөнөт.

Ийримге музыкага жана музыкалык аспаптар талап кылынат. Окуу мөөнөтү 3 жыл.

Сабак өтүлүүчү бөлмөдө бардык талап кылынуучу техникалык окуу каражаттары жана музыкалык аспаптар талап кылынат: проигрыватель, касеталык магнитафон, ошону менен бирге элдик чеберлердин аткаруусундагы чыгармалар жазылган касеталар, ноталык дептер , каркандаш , комуз жана фортепиано аспабынын болушу зарыл.

Ийримдин жүгүртмөсү жалпы билим берүү мектептеринин жүгүртмөсү менен келишимде болуп , алардын күн тартибин бузбоого тийиш.

Жетекчинин негизги милдеттери:

  • Окуу мөөнөтүндо ийримчилерге музыка маданиятынын идеялык жана көркөмдүк негиздери боюнча түшүнүк берүү.
  • Окуучунун музыкага болгон аң-сезимин кеңейтип, нукура элдик обон-күүлөргө болгон сүйүүсүн, кызыгуусун арттыруу.
  • Ийримчинин аткаруучулук чеберчилигин өнүктүрүү.
  • Өз алдынча ой жүгүртүүсүнө жана чыгырмачылык менен иштөөсүнө үйрөтүү.
  • Ата – энелер менен чогулуш өткөрүү.
  • Балдардын жетишкендиктери жөнүндө талкулоо.
  • Окуучулар менен экскурсияга чыгуу.
  • Окутуудан тышкары тарбиялык иштерди жүргүзүү.
  • Окутучулук методдорду жаныртуу жана кеңири колдонуу.
  • Өрттөн сактоо коркунучу жана жол эрежелери боюнча түшүнүк берүү.